бучкакта
- Бучкагынан кармоо, бучкактан алуу.
- Артынан такымдап, жетүүгө аз калып келүү.
- өт. Тап жылдырбоо, бура бастырбоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Таамай сайган Таабалды, / Калдаң өңдүү балбанда, / Кыймылдаар шай калбады, / Бучкактан каны куйулуп, / Камчы саптай чубуруп, / Өбөктөп атка шылк этип, / Бучкактан мөжүк кан кетип, / Оодарылып атынан, / Жерге түштү жалп этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карыдан угуп келгендер, / Мына менмин дегендер, / Алакташып желдеди, / Бучкактан үйлөп Оторго.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ээн түздө чапкылап, / Өргө келсе Сейити, / Алдындагы Телкүрөң, / Бучкактан тери тамчылап, / Этеги кетип далбаңдап, / Эки буту салбаңдап, / Эрте барып көрсөм деп, / Шашылып келет далдаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…деп баланы, / Жалаңгыч калмак турганы, / Жаны ачыган Сомбилек, / Эми карап турбады, / Бөрү тилдүү көк найза, / Булгап колго алганы, / Буудан күлүк кара атты, / Бучкактан нары бир салды, / Жанаша түштү калмакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Мындай кепти көбүнчө Мамирмазинден болбосо мында келген өзүндөй эшендерден, молдо, сопулардын сүйлөшүп отурганда чет бучкактап угуп калабыз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →