бучкак
- Буттун шыйрак жагы.
- Теринин, булгаарынын шыйрак жаккы бөлүктөрү.
- Кийимдин этек жагы, учу.
- Бурч, булуң, чет тарап, четки бөлүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Зым-зым этип зымырап, / Манжулардын чоң Бодоң, / Эч нерсени элебей, / Эр Бекбача жолборсту, / Бучкагына теңебей, / Бекбачаны баш кылып, / Кетемин деп талкалап, / Кереге таштай кеңкейип, / Көөдөндө керип чалкалап, / Найзасын күүлөп булгалап, / Манжулап Бодоң бакыр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бүгүнкүсү Чигитей, / Бүткүл дүйнө жер бетин, / Бучкагына теңебей, / Артып кетти кыргыз, деп, / Кытайга антип угузуп, / Камынып булар калыптыр, / Коросондук Коромжу, / Коромжунун беш уулу, / Кубатай болчу улуусу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мөндүлөгөн калчанын, / Көргөндө ашкан айбатын, / Айкөлүм турат кенебей, / Бургутуп кирген калчаны, / Бучкагына теңебей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп ушинтип Кутургур, / Бучкакка атты бир койуп, / Жүрүп кетти кайрылбай, / Теңдиктин жолу ушундай, / Сейтек калды кайгырбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кылар ишин болжолдоп, / Ал Манастын тобуна, / Качырып кайра жетерде, / Хан Семетей баатырды, / Капталга койуп кетерде, / Кайгырбай да камыкпай, / Карап турат Семетей, / Калт этип коркуп элебей, / Көкжал туулган түгөнгүр, / Көрүнөө келген ажалды, / Бучкагына теңебей!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →