буу2
- Кап, баштык сыяктуу идиштердин оозун бүйрө байлоо, куушура байлоо.
- Капшыра байлоо, орой таңуу.
- Тосуу, өткөрбөй бекитип коюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Оозунан көбүк чачылып, / Көзүнөн жалын шыркырап, / Мурдунан чыккан көк буусу, / Кол ыштыктай буркурап, / Оозун ачып эстенип, / Ээрдин кесе тиштенип, / Башынан калмак сологой, / Балта чабат оң колдой.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эртең хандар келет деп, / Эл күтүнүп турганда, / Суусамырдын белинен, / Дүркүрөгөн чаң чыгат, / Асманда мунар буу чыгат, / Будургуган булуттай, / Ак асаба туу чыгат, / Алдынан тосуп караса, / Коркуп калган Кокондук, / Аргымагын кекейтип, / Көк кебичин тепейтип, / Жүргөн эк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Оозуна лам-мим кирбеди, / Музойдун тили буулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ал аңгыча болбоду, / Асмандан мунар буу чыкты, / Үч-Кошойдун бөксөдөн, / Көк жаңырган чуу чыкты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Оозу бир кара шоона менен буулган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →