буу1

китептерде 119 жолу, 10 китепте буу 2 →
  1. Суудан же составында суу бар башка суюктуктан, нымдуу заттардан кайнап ысууда же суукта муздаганда пайда болуучу боз түстөгү газ сымалдуу зат.
  2. өт. Катуу нерсенин үстүн сырдоо үчүн колдонулуучу металлдын эритмеси.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Оозунан көбүк чачылып, / Көзүнөн жалын шыркырап, / Мурдунан чыккан көк буусу, / Кол ыштыктай буркурап, / Оозун ачып эстенип, / Ээрдин кесе тиштенип, / Башынан калмак сологой, / Балта чабат оң колдой. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эртең хандар келет деп, / Эл күтүнүп турганда, / Суусамырдын белинен, / Дүркүрөгөн чаң чыгат, / Асманда мунар буу чыгат, / Будургуган булуттай, / Ак асаба туу чыгат, / Алдынан тосуп караса, / Коркуп калган Кокондук, / Аргымагын кекейтип, / Көк кебичин тепейтип, / Жүргөн эк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Оозуна лам-мим кирбеди, / Музойдун тили буулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ал аңгыча болбоду, / Асмандан мунар буу чыкты, / Үч-Кошойдун бөксөдөн, / Көк жаңырган чуу чыкты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Оозу бир кара шоона менен буулган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →