буурчак2

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Чанактуу өсүмдүктөрдүн тобуна кирүүчү талаа жана огород өсүмдүгү.
  2. Ушул өсүмдүктүн тоголок келген даны.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көзүнүн жашы буурчактап, / Нурфану турду кыйлага, / Бекбача сөзүн жалгады, / Токтоло түшүп кыйлада: / Нурзат шаанын жалгызы, / Азыркы сенин турушуң, / Бул жалгандын нур кызы, / Ар канчалык иш болсо, / Жашырбастан айтсаңчы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Асман менен Нурфану, / Калкып учуп кайкактап, / Түндү улап түн учуп, / Эртеси күнү шашкеде, / Көйкапка барды чалкактап, / Атасы кармап колунан, / Энеси ыйлап кучактап, / Көзүнүн жашы буурчактап, / Аманбы деп Бекбача, / Күйөө жагын көп сурап, / Айкөлдүн салган күмбөзүн, / Көрдүңбү балам? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көргөн жерде Жоодар чал, / Көзүнүн жашы буурчактап: / — Айланайын Бактыбай, / Жаманбай бала келатат, / Ат айабай ыкчамдап, / Жыгылган бейим Кененим, / Жылмайып жерди кучактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Буурчак баскан кырмандай, / Чокуруң бардыр бириңдин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
— / Деп, Кызыл дөө айтканда, / Кара күчкө Керимбай, / Көзүнүн жашын агызып, / Буурчактатып тамызып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →