буурул

китептерде 269 жолу, 9 китепте
  1. Сур, боз, көк ж. б. түстөр аралашмасынан турган өң, түс.
  2. Бура тарткан кыл аркан Буурул аттын кермеси (Токтогул).
  3. Ак кире баштаган сакал, мурут, чачтын түсү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көз байланган бүүрүлдө, / Таанылбас кара күүгүмдө, / Бактыбай кетти аттанып, / Топчу кулак кер аттын, / Басканы сонун шаңданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сом темирин артынып, / Чарайнасын тартынып, / Бузулуп өңү сур чалып, / Буттай темир курчанып, / Кара буурул ат минип, / Каттай темир кийинип, / Баатырлыгы билинип, / Бастырып чыкты эр Сакта, / Балакет баскыр жекеге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ат үстүндө жулушуп, / Соотторун булушуп, / Этектен түрө кармашып, / Үзөнгү боого салышып, / Ажыратып кете албай, / Айсарала, буурул ат- / Аттары турат тайышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Атам айткан чын болсо, / Нак Семетей экен, деп, / Ээрчип жүрүп алты күн, / Күн өткөрдүм бекер, — деп, / Бүгүн кечте келгенде, / Бастырбай тосуп Буурулду, / Алдына туруп алайын, / Чыгарар бекен зобанын, / Эшитип үнүн калайын” / Деп ойлонуп Кара дөө, / Тирмейип тиктеп турганда, / Каадасынча күндөгү, / Жыйырма кыз… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— / Каныкей андай дегенде, / Ачуусу келип Канчоро, / Тең, сүйлөшүп, бирге өскөн, / Бели катуу эр чоро: / «Буурул атты минбедим, / Буулум тоңду кийбедим, / Ар качандан бир качан, / Абам менен Каныкей, / Гулчорочо көрбөдүң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →