буурсун

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. Жер айдоо үчүн колдонулуучу эң жөнөкөй эмгек куралы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…танайган, / Көккө тойгон жазында, / Уй букадай чанайган, / Мындайлары дагы бар, / Ак күмбөздөй башы бар, / Өңөргөн иттей кашы бар, / Атка минбей керик минип, / Буурсундай жиреп буттары, / Арык кылып жер бетин, / Антип жүргөн дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки көздүн чуңкуру, / Лоптун бүткүл көлүндөй, / Сакал менен муруту, / Сагыранын чөлүндөй, / Бетинен чыккан ыдыгы, / Айателдин чөлүндөй, / Манжасы жок таманы, / Таманы пилдин бутундай, / Колдору ийри буурсундай, / Эки буттун жилиги, / Тамга арткан устундай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Келаткан жанды караса, / Жолум үйдөй башы бар, / Үйгөн чөпкө түнөгөн, / Жолбун иттей кашы бар, / Буурсундай болгон колу бар, / Орто чынар бойу бар, / Чогулган элдин баарысын, / Оп тартчуудай ойу бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Чыныгы акыл казгансып, / Изденип араң тапкансып, / Койкойгон мойнун буруптур, / Буурсундай колун сунуптур, / Белде көрүп жаш Манас, / Камчыга бөлөп кула атты, / Карчыга куштай чуратты, / Манастап ураан салыптыр, / Манас деп атын укканда, / Бура тартып Кардыгач, / Желдирип кетип калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бар мүчөсү бөлөкчө, / Эки бети табактай, / Жерди карай салаңдап, / Эмчеги эшек башындай, / Көөдөнүндө салаңдап, / Эр чырагы эки көз, / Маңдайында алаңдап, / Кара буусу түтүндөй, / Ач бөрүдөй жалаңдап, / Кулагы калкан темирдей, / Мурду тоонун сеңирдей, / Чоркок уста жасаган, / Колу-буту буурсундай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →