буун1
- диал. Муун.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келип калса хан Калдык, / Белин бекем буунсун, / Кан менен колун жуунсун, / Келбей калса хан Калдык, / Биз койолук олжосун, / Камынгыла, баарыңар, / Убадабыз шол болсун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ажал турса да, / Башын булгап качпаган, / Сан- санаксыз жоо келсе, / Сабылып коркуп шашпаган, / Көптү көрсө күч алган, / Өрт жалындай тутанган, / Намыска белин буунган, / Кан менен колун жуунган, / Кан төгүшкөн ким болсо, / Чечекей чукуп көз алган, / Боорун жарып өт алган, / Кара дебей, баш дебей, / Өзүм дебей, жат дебей, / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Асмадан атын чечтирип, / Акырга беде салдырып, / Күрөң атты чалдырып, / Колу-жөгөн жуунуп, / Бекемдеп белин буунуп, / Жанга кылыч байланып, / Сынчыбектин үстүнө, / Күн чыга кирди шайланып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…чүлөп кеп салып, / Кылчайбастан артына, / Куткарбас кетти деп салып, / Канча күндөн бер жакка, / Кагышта жүргөн баатырлар, / Бүткөн бойун жуунуп, / Белин бекем буунуп, / Эр Сейит айтат ошондо: / — Оңой-олтоң жоо эмес, / Ойлоп көрсөм Куткарбас, / Оңойлук менен кишиге, / Оморулар тоо эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сүйүнгөндөн Семетей, / Кабаттап темир соот кийбей, / Олпокту жалаң кийинип, / Атасына сыйынып, / Белин бекем буунуп, / Бетинен тери чубуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →