буулум

китептерде 61 жолу, 8 китепте
  1. Баалуу, калың кездеменин бир түрү, же ошол кездемеден тигилген кийим Буурулду берчи минейин, Буулумду берчи киейин.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лтанын сырты жарылып, / Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, / Калкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бурчулуп, / Жан алчу уруш башталып, / Күүгүм кирди күн батып, / Эл-элине кетишти, / Эми булар нетишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аркар ашпас кара кум, / Атын түшүп жетелеп, / Капыстан кылтыс тепсесе, / Кабакка кулап кетем, деп, / Этегин кайра курганып, / Буулум тобу кыргылып, / Бутунда кепич жыртылып, / Жетелеп атын жөө басып, / Түн ичинде бел ашып, / Тоо бөксөмөр күн тийип, / Алдына минген көрүңдүн, / Кыл куйругун ча… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аз эмес дүйнө - мал-пулуң, / Адам атын билгисиз, / Дүрүйө, буулум, дуудунуң, / Алтын менен жык болгон, / Асыл кайыш куржунуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кырк киши бар жанында, / Жыйырмасы алдында, / Жыйырмасы артында, / Түндөсү кирип кетишет, / Жылчыксыз тоонун бооруна, / Мингени кызыл буурул де, / Кийгени аппак буулум, де, / Чылбырына чырмалып, / Карадөө турду кечке, де, / Күн бешимге барганда, / Ошондо келди кепке, де: / “Кээде угат кулагым, / Кээде укпай каламын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Суркойон берчи минейин, / Буулумуң берчи кийейин, / Бул жолумду билейин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →