буудандык
- Чаалыгып-чарчабастык, арыбастык.
- өт. Эр азаматтык, кайраттуулук, чыдамдуулук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чоң Бодоңдун тулпары, / Куйун минип кууса да, / Кууган душман жетпеген, / Куйун минип качса да, / Кутулуп душман кетпеген, / Бөлөкчө сонун мал экен, / Буудандыгы таанымал, / Өтө башка жан экен, / Ат изине салыптыр, / Түндө кеткен качкынга, / Түштө жете барыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайыптан беле Тайбуурул, / Суу түбүндө чөкпөгөн, / Кайык беле Тайбуурул, / Туура сүзүп ыргыган, / Балык беле Тайбуурул, / Муз келсе суудан чураган, / Буудандыгын билгенде, / Букардын ханы сураган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →