буудан
- Чаалыкпас күлүк ат, чарчабаган тулпар.
- өт. Эпостун каржалбас баатырларынын эпитеттеринин бири.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бешимде жетти Тайчабар, / Майторудай бууданга, / Кененим кебин угузду, / Асыл өңдүү балага, / Кайаша айтар чама жок, / Касийеттүү атага, / Бура тартып жөнөдү, / Кайра артына Таласка, / Тайчабар, Асыл жанаша, / Көргөн элең тамаша, / Учурады беш жейрен, / Жолдо кетип баратса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Акыл ойлоп арбытып, / Арстан Кенен көөнүндө, / Алдында минген Кеңкула, / Айбан жетпейт так буга, / Коргонду карай жөнөдү, / Камчы берип бууданга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Күпүлдөгөн Чынаача, / Минген аты бир башка, / Сопол куйрук, жыртак көз, / Кызыл ээк, тайкы жал, / Алдында минген бууданы, / Ак чаар экен ыраңы, / Ал качырдан жалгашкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ениң, / Гүлчоро бу сени деп, / Ушул менин күмөнүм, / Гүлчоронун этинде, / Кийген сыйкыр көйнөк бар, / Кубултуп кетет экен, деп, / Көйнөктүн жеңин бек тартып, / Буудан күлүк Буурулдун, / Чылбырын кармап кыскартып, / Жүрү, абаке, жүрү, деп, / Буурулду тартып калды эле, / Кайып кыздар чогулуп, / Ортосуна алды эле, / Гүлчородон …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эмесе, аба» — деп, — / Бура тарта бергенде, / Бурула тартып кеп айтат, / Анык ички сырды айтат: / «Эми жеттим, Семетей, / Суркойон сындуу бууданга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →