буудай

китептерде 88 жолу, 10 китепте
  1. Данынан ун тартылып, нан жасалуучу дан өсүмдүгү.
  2. Ушул өсүмдүктүн даны.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чекене алыс жерде деп, / Кол салбадык силерге, / Кара шаар, жылдыз элдерин, / Эркине койдук жерде деп, / Арабызда калмактын, / Аласын ала качпадык, / Ак теңгесин чачпадык, / Каңгайда шибе, солондун, / Көп орбодук буудайын, / Өрт койбодук айдаган, / Шекер кылчу куурайын, / Анча-мынча дем алып, / Келесиңер жыл сайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Келе жаткан Кенендин, / Кебетесин байкады, / Күүгүмдөгү устадай, / Өңү күүгүм сурданып, / Күүгүм туман көздөнүп, / Майлаган буудай жүздөнүп, / Мурутуна муз тоңуп, / Кабагынан кары жаап, / Жаалы чыгып бетинен, / Жалын чыгып көзүнөн, / Көргөн адам айбыгат, / Келе жаткан түрүнөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көкчөдө эки катын бар, / Агеркеч аттуу чоңу бар, / Алмамбет менен ойнош, деп, / Ушак тапты казактар, / Буудайбек – кичи катыны, / Бузуктар аны табышты, / Абдан аны көкүтүп, / Арасына алышты: / Жыйын куруу шылтоосу, / Чогула келип калышты, / Эл баштыгы алтымыш, / Эр Көкчөн… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кам орбодум буудайын, / Сындырбадым куурайың, / Ак куржунуң ачпадым, / Ак теңге пулуң чачпадым, / Жакшы-жаман экен деп, / Артыңдан сени айтпадым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көрөлү баарын — деп чалып, / Кара кылкан буудай баш, / Жел тийсе кылкып ыргалып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →