бур2

китептерде 609 жолу, 10 китепте бур 1 →
  1. Негизги же бет алган багытынан башка жакка багыт алдыруу, бет алдыруу.
  2. Өзгөртүү, башкача кылуу.
  3. Бөлүү, кандайдыр бир нерсеге карата топтоо, көңүл коюу, багыттоо.
  4. Буралган абалга келтирүү, толгоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күүлөп-күүлөп булгалап, / Буркун, буркун, буркун, деп, / Атын айтпай Ламалап, / Бекбачаны көмө чаап, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Селт эте түшүп Чигитей, / Байкап көрсө “жигитти”, / Эркек эмес катындай, / Анык байкап караса, / Энеси болчу асылдай, / Ошон үчүн Чигитей, / Медерканга катылбай, / Оң жагына бурулду, / Оң жакта Торгой турду бу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Дүнүйөнүн бурчуна, / Кеңкула менен оң тартып, / Таласты карай жол тартып, / Эрте басып, кеч жатып, / Караңгынын чапанын, / Калдайтып чүмкөп жамынып, / Ат айабай келатып, / Ачамай айры бир жолдон, / Туйактын ойгон жеринен, / Көлчөк болуп суу толгон, / Ат изин көрдү Кененим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ойлоп атып уктабай, / Таң агарды түнөөдө, / Кара дөө камбыл эр эле, / Кийгени соот күрөккө, / Эртең менен көрүнсө, / Бурулбай кармап көрөм, деп, / Курч байланды жүрөккө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →