бурчук
- Уркуюп чыгып турган жер, борчук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чогулушуп Конушту, / Бурчуктун ойу сеңирге, / Аскер батып жаталбайт, / Анча-мынча тар жерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…Алмамбет айтып токтолду, / Арстан Манас козголду: / — Убара болуп байатан, / Түштүк жакты карасам, / Тунарыктап алыптыр, / Дүрбү жүрбөй калыптыр, / Булуң болуп бурчуктан, / Мунарыктап урчтанган, / Бир карасам агарган, / Бир карасам карарган, / Ал каериң эр Алман?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →