бурчак

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Көгөнгө чиркелип, козулардын мойнуна илип байлоо үчүн ылайыкталып жасалган бир жак учу көзөнөктүү, экинчи учу түйүн болуп байланган жип, Батийна мойнуна көгөндүн бурчагын илип жуманын түнүндө мүрзөгө келди (Сыдыкбеков).
  2. Ушундай жиптин бир жак учундагы көзөнөк, илмекке өткөрүп коё турган томолоктошкон түйүнү.
  3. өт. Бөлөк-бөлөк ири тамчы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Муруту келет чоң кучак, / Будайык кандын муз бурчак, / Айдар кандын эр Көкчө / Бардашы журттан бөлөкчө, / Көк күбө чопкут тон кийген, / Көк ала сындуу ат минген, / Музбурчак, Көкчө - эки хан, / Казактан экөө келаткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айтып болуп жаш жигит, / Бойуна кирди кылчылдак, / Маңдайдан тери бөлүндү, / Бурчак-бурчак чылпылдап: / — Тура тургун, Мадана, / Эми эле алып беремин, / Минериңе тулпар ат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ин Темирбек, / Испандакы Ачакан, / Кутургурдун Саламат, / Коросондун Дабытай, / Алып келип аштады, / Жаш баладай шолоктоп, / Эки көзүн жаштады, / Көзүнөн аккан бурчак жаш, / Жакасын жууп чыктады: / — Маңгул, манжу сен элең, / Шибе, солон аралаш, / Канатташ жүргөн эл элең, / Кара кытай кошулуп, / Талабыңар бир элең, / Тайыны … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арбактарды укканда, / Арстан аты чыкканда, / Бурчак-бурчак жаштары, / Тамчылады Суркойон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Муну айтып Токтосарт, / Көзүнүн жашы бурчактайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →