бурч

китептерде 23 жолу, 8 китепте
  1. Нерсенин эки жак капталынын кесилишкен жери, кесилишкен жериндеги кычыгы, булуңу.
  2. мат. Бир чекиттен чыккан эки шоола менен түзүлгөн фигура.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төгөрөктүн төрт бурчун, / Төрт айланып ким чабат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Атагын алып берген, — деп, / Адам ата жаралып, / Андан адам таралып, / Жер бетине шаар салып, / Каканчын эли болгону, / Адам уулу барбаган, / Падыша арбак бак бурчун, / Кайнап жаткан Каканчын, / Кызыл деңиз терс агым, / Ошондон бери карата, / Орто жери Чынмачын, / Ат изин ага ким салган? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Дүнүйөнүн төрт бурчун, / Тең жарымын ээлеген, / Түгөнгүс кытай эли бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошондо, тышка чыкканда бар көрө турганым: үйдү айландыра салган купкуу там, тамдын бурчундагы жалгыз аттын акыры, анын жанында шылдыраган шакел, баягыда Беккул экөөбүз тогуз коргол ойноп казган чуңкурлар... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Колуктусу алып келген төрт шакегин төрт бурчка ыргытты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →