буруш2
- Бузук, туура багытта эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аттын башын бурушту, / Кайта-кайта урушту, / Жалындап көздөн от жанып, / Жаалы салып турушту, / Чокморлошуп койушту, / Колтуктарын чойушту, / Кылычтарын алышып, / Кыйкырык-сүрөөн …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аттардын оозун бурушту, / Аңырайган чочколор, / Кеңколду карап турушту, / Койундан дүрбү суурушту, / Кеңколду көздөй сунушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…албай, / Акакташып соолушуп, / Жакалашып тартышып, / Олпокторун булушуп, / Койо бербей тырмышып, / Кемердей толгой кармашып, / Кекенишип жармашып, / Багалектен бурушуп, / Этектерин түрүшүп, / Далыдан чапчый кармашып, / Барлык күчүн арнашып, / Бирин- бири жыга албай, / Айнектей түзгө дардайтып, / Андан амал таба албай, / Бирин…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Оңдолгон ээри токулуу, / Ойротто жок шок Чубак, / Шыбыраша кетишти, / Акбалта уулу эр Чубак, / Аттардын башын бурушуп, / Айлана карап турушуп, / Имерип тиймек калмакка, / Кеңеши ушул болушуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Буруштуу нечен душманга, / Муңдуу күн салып бул тийди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →