буруу1

китептерде 46 жолу, 8 китепте
  1. Бөлөкчө, башка, бөтөн.
  2. Буруу-терүү санабай, Мал көзүнө карабай («Семетей»).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Топурак учуп буркулдап, / Шамал чыгып зыркырап, / Күн тумандап боз болуп, / Таш быркырап кум болуп, / Булуту жок бүркөлүп, / Буруусу жок чүмкөлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жоодар менен Кененим, / Ким экенин билүүгө, / Бура тартып бурууда, / Башмактап турду бир жерде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Байкабай жүргөн экенмин, / Кара кытай жаңжуңду, / Атасы башка экенин?- / Буруу жолго салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Серпинди болгон топурак, / Төш жары жерге чачылып, / Аркар болуп качканда, / Жейрен болуп белестен, / Бир кубулуп ашканда, / Желмогуздун өзү деп, / Өзү тургай буруусуз, / Как караган көзү деп, / Ачып көздү жумгунча, / Азыткыга жетем деп, / Алдында минген Телкүрөң, / Кулжадай башы кылтылдап, / Кундуздай жүнү жылтылдап, / Балад… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жетелеп элден чыгарып, / Буруул менен бурулуп, / Муңайып өңү бузулуп: / “Баласы Сартбай турмайлык, / Атасы Сайып алганым, / Каарым менен качырып, / Учурайын арбагын, / Манастап ураан чакырып” / Камбыл тууган абакең, / Катуу тийди жапырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →