бурулуш
- Имерилиш, кайрылыш.
- Өзгөрүш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аламан үстү башкача, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу чайпалып, / Суу сыйактуу чайкалып, / Найзаларын көтөрүп, / Чокморлорун өңөрүп, / Башындагы чылк темир, / Кийгендерин чөгөрүп, / Эрдин көбү өбөктөп, / Аты келет дүбүрттөп, / Тургандары аз эмес, / Бурулушта өңүттөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бута атым узай бергенде, / Бурулушка келгенде, / Бууданын көкжал көргөнү, / Аккула менен аргытып,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…зкара, / Тоспосо болду жолдон” деп, / Чычкансурду мойундап, / Сакалын катып койундап, / Олбуй-солбуй теминип, / Оң-тескери камчылап, / Качып келет Куткарбас, / Бурулуш жолго бурулуп, / Аттын изин жашырып, / Агындын салып ичине, / Алдадым деп Сейитти, / Куткарбас ойлойт ичинде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бакайдын үнү чыкканда, / Угуп калып Канчоро, / Бурулушту бир жерге, / Бугуп тура калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бул сөздү түлкү баштап, төөнү карызга соймокко, ага бурулушту:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →