буртулда
- Бурт-бурт этүү, бурт этип көтөрүлүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көөдөнүн өөдө көтөрүп, / Көйрөңсүп Бетер кеп салды, / Отордун атын укканда, / Ачуусу келип Чигитей, / Кара бойу калтылдап, / Өрттөй көзү жалтылдап, / Азуулары кычырап, / Ууртунан көбүк буртулдап, / Титиреген немедей, / Токтоно албай солкулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кабааган иттей арсылдап, / Азуулары кычырап, / Жулкунуп турат токтобой, / Ооздорунан көбүгү, / Ууртунан агып буртулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Соорандыктын Алмамбет, / Жоготпосом сени деп, / Колдобойт буркан теги деп, / Оозунан көбүк буртулдап, / Артынан чаңы буркурап, / Алмамбетке бул чочко, / Келип калды чукулдап, / Артык тууган Алмамбет, / Кебелип койбойт бушман жеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алдында минген кызыл лөк, / Жүрүшү мунун бир бөлөк, / Төрт таманы талпылдап, / Жатканы кумду сапырат, / Эки көзү жаркырап, / Азуулары качырап, / Ууртунан көбүк буртулдап, / Минген ээси Терекбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Какыраган таш калды, / Буртулдаган шор калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →