буркура

китептерде 122 жолу, 9 китепте
  1. Бурк-бурк этип көтөрүлүү, бурулдоо, буртулдоо.
  2. Аңкыган, буруксуган жыт чыгуу, абдан жыттануу.
  3. Муңканып катуу ыйлоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Муруттарын сербейтип, / Эр өлүгү ар тоодой, / Азууларын аркайтып, / Ат өлүгү бир тоодой, / Жарадан каны шыркырап, / Жан талашып буркурап, / Өөдө бол деп жөлөсө, / Көз ачалбай шылкылдап, / Антип жаткан андан көп, / Күндү түнгө улантып, / Түн кетип, күндү чыгартып, / Кеңкула чуркап чаалыкпай, / Кы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Бурананын белинен, / Булуттун алды четинен, / Буркураган чаң чыгат, / Бөлөк-бөлөк туу чыгат, / Кой маараган сыйактуу, / Кулакты жарган дуу чыгат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Менин атым Чаңчыкпас, / Буркураган шор менен, / Айабай жүрсөм катуулап, / Аркасынан чаң чыкпайт, / Ар кандай минсе чалгынга, / Кароолдогу эр туйбайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Буркуратып олтуруп, / Ташкендин үстү улуу тоо, / Самаркандын чеги ошо, / Салган бойдон барайын, / Дүрбү салып карайын, / Айактан кабар алайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Не бир сулуу гүлдөр жерди саймалап, көзгө чагылышып, апийим жыты буркурап турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →