буркан

китептерде 17 жолу, 4 китепте
  1. Кудай.
  2. өт. Чокуна, табына турган бут.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Калдыктан булар кеп угуп, / Мени жеңчү кимдир деп, / Өздөрүнчө оолугуп, / Буркан шаркан кээ бирөө, / Ачууланып соолугуп, / Жүрүп кетти бир калмак, / Атын кержин чуу койуп, / Бекбача турат калдайып, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Буркан, Буркан дегени, / Боортоктоп жүргөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кайра тартып калган жан, / Каарына калсын мунун деп, / Буркандарын өбүштү, / Убадасын токтотуп, / Чиктей кабар беришти, / Тарап булар жөнөштү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бул эмне укмуш, деп, / Көргөндөр турат таң калып, / Ачууланып Оронгу, / Колуна чокмор карманып, / Бозчаар күлүк чуратып, / Артынан чаңын буратып, / «Буркан, буркан, буркан», деп, / Бурканым колдой турган деп, / Жолум үйдөй чойун баш, / Жолу каткан бу калмак, / Туруп берген Кошойду, / Чокудан ары бир койду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Хан Коңурбай чоң Калча, / Алтын найлуу жез канжа, / Туура тиштеп ошондо, / Суудан жылкы сугарып, / Субайын бөлүп чыгарып, / Көөкөрчө кылган чоң күпсөр, / Көт жагында шалп этип, / Жуурканына жамынып, / Бурканына жалынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →