бургула
- Бургу менен көзөө, тешүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кароолу дажаал, огу ажал, / Түтүнү туман, түбү испан, / Бургулап ичин түзөтөм, / Аткан огу жөн учпай, / Ажалдуу жанды издетем, / Тушагасы бир темир, / Тийген жери бир сеңир, / Чагарак ооз Алмабаш, / Ыңай-тура ылгабас, / Асынып жүрсө Аккелте, / Ай далынын белеги, / Атып жүрсө Аккелте, / Аманат жандын эрмеги.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бургулап ичин түздөгөн, / Аткан огу жөн учпай, / Ажалдуу жанды издеген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →