бура1

китептерде 300 жолу, 9 китепте бура 2 →
  1. Буркурап жыттануу, буруксуп аңкуу, буркуроо.
  2. Уюлгуп, түрмөктөлүп жогору көтөрүлүү, уюлгуп чыгуу, бургуу.
  3. Көйкөлүү, жайкалуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Курчунду койбой эркине, / Маңгыт Калдык бурады, / Кара сакал Жанайдын, / Өтпөй калды сурагы, / Арзандык менен ал Жанай, / Кол сунса мойун сунабы, / Кандуу майдан курулуп, / Беттешер болду убагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алтын чырай нур бети, / Аттанып бура тартарда, / Күүгүмдөкү устадай, / Көк жашыл тартып көрүндү, / Жалгыз кара бир башы, / Капкайдан келген чоңдорго, / Жалтанбастан өмүлдү, / Жан соогалап кылчайбай, / Бул айылдан бөлүндү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бир тактайын басканда, / Атылып мылтык тарсылдап, / Жабылып чыкты жолборс, шер, / Айбаттанып арсылдап, / Анталап Чубак шашылды, / Бура тартып атыны: / — Кытайың менен кургунуң, / Бул эмне шумдугуң?- / Алмамбет анда кеп айтат, / Айтканда Чубак ынантат: / — Көпүрө мурда бар эле, / Мындай иштер жок эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бута атым чыгып абакең, / Бурулбай бара жатканда, / Эки жеңи салбактап, / Эки буту тартактап, / Буурул аттын чылбырын, / Бура кармап турду эми, / Эр Карадөө далдактап, / Чылбырдан кармап тыртактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тулаңы өнүп буралып, / Чырпыгы жерде чубалып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →