бурана
- ар. Баш жагы кууш келип, бийик салынган архитектуралык курулуш, мунара.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Майбулак өрдөп басыптыр, / Бурана менен Төө жайлоо, / Суусамыр менен Тараша, / Такыр элге барыптыр, / Элден кабар алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Бурананын белинен, / Булуттун алды четинен, / Буркураган чаң чыгат, / Бөлөк-бөлөк туу чыгат, / Кой маараган сыйактуу, / Кулакты жарган дуу чыгат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айкөл Манас баштаган, / Катардагы он үч хан, / Күн бешим чен мезгилде, / Бурананын белинде, / Колдун артын караса, / Бурананын ойунда, / Колдун алды калгылдайт, / Табылгынын чогундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →