бурама
- Бурап бекитүү үчүн колдонуучу спираль сыяктуу сайы бар стержень, буроо.
- Бурап тешүү, көзөө үчүн колдонулуучу аспап.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— / Чоролорго кеп айтып, / Кошту түшүр деп айтып, / Төрт төбөлүү көк чатыр, / Төбөсү бийик чоң чатыр, / Танаптарын тарттырып, / Жез бурама казыгын, / Жерге мыктап кактырып, / Кермелерин чойдуруп, / Кемегесин ойдуруп, / Кер байталдан сойдуруп, / Аттын барын кермеге, / Алып келип астырып, / Кемегеси…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →