бул1

китептерде 3682 жолу, 10 китепте бул 3 →
  1. (мунун, буга, муну, мында, мындан) шилт. ат. Жанындагы адамды же сүйлөөчүгө жакын турган нерсени, затты, багытты ж.б. көрсөтүүдө, шилтеп билдирүүдө колдонулат.
  2. Мурунку сүйлөмдө айтылган затты, нерсени, ойду кайра кайталап айтпастан туруп, ошолорду белгилеп билдирүү үчүн колдонулат.
  3. Бир нерсени айрыкча белгилөө, баса көрсөтүү, айырмалоо үчүн колдонулат.
  4. Маал, кез, учур ж. б. сөздөр менен айкашып мезгилди, убакытты тактоодо колдонулат.
  5. Бул учурда ал эч нерсе көргөн да жок (Байтемиров).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Асылбача жаш өлүп, / Бул иши мага калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кедеңдин уулу Жолойу, / Жеткире берип колкосун, / Каалап туруп бул алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алып келгин бул жерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бул тууралуу Шадыкан аркалуу да бир айттыргамын. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Бул жерге келген кайтып кетчү эмес. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →