булчуң
- Адамдын, айбандын денесиндеги жыйрылып жана тартылып туруучу касиетке ээ эттүү мүчөсү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Балтырым тартып балактап, / Булчуңун тартат булкулдап, / Болуп калган окшонот, / Уруш кылар бир убак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…Төбөйдүн, / Далайлар жандан түңүлүп, / Кыйкырыгы таш жарып, / Таштан өтүп баш жарып, / Кыйырдан келип урганы, / Кыраандын уулу Кененим, / Найза менен камына, / Булчуң эткен сайганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Солокенин булчуңдан, / Кара кан агып шырылдап, / Таначардай булчуң эт, / Чыканакта салаңдап, / Чыдатпай ооруп зыркырап, / Чабарга чама калган жок, / Колундагы чойун баш; / Ачуусу келген Солоке, / Эндиреп болду денге мас.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кара бойго тийбеди, / Каржиликтин булчуңга, / Найзаны мадап жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кайраты артык Карадөө, / Чукул кирип келгенде, / Кең көкүрөк, кууш айак, / Жалайак ооз кир кабак, / Чолок ээк, дөң маңдай, / Каржиликтен булчуңу, / Жүгүрүп жүргөн баладай, / Мойну жоон букуйуп, / Кысыр эмди танадай, / Жамынган темир тону жок, / Жалтанып калаар пейли жок, / Аккаңгы ээр алтын каш, / Минге…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →