булуттуу
- Булут каптаган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Таш жазданып көнгөн журт, / Талашып салкын шамалды, / Булут менен келген журт, / Булуттуу тоонун ичинде, / Тоодо өнүп өскөн журт!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Өнөрү өткүр Алмамбет, / Туулган артык ак ниет, / Алышып жүрүп күн жайлап, / Булуттуу шамал-жел айдап, / Бурганактап бүркөлүп, / Жаап кирди жамгырлап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…уунайза, / Чылбыр бойу калганда, / Сейит кирди тап берип, / Манастан ураан чакырып, / Баатыр минген Телкүрөң, / Кош кулагын жапырып / Муундуу чөптүн үстүндө, / Булуттуу көктүн алдында, / Топону көккө сапырып, / Манастын атын укканда, / Сейит утур чыкканда, / Куунайзасы турмайлык, / Куткарбас калды шашылып, / Куткарбасты жандаг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эр Сыргактын сыр найза, / Шерден белек бул найза, / Телкүрөңдү чуратып, / Аркадан чаңын чубалтып, / Булуттуу көктүн алдынан, / Муундуу чөптүн үстүнөн, / Ур дедирбей жеткени, / Табарсыктын башы, деп, / Таамай муштап өттү эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Токсон күн мөөнөт алганда, / Акундун кызы Айчүрөк, / Аккуу болуп учкан бейм, / Ак булуттуу асманга?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →