булут

китептерде 148 жолу, 10 китепте
  1. Атмосферада коюуланып топтолуп, жамгыр, кар, мөндүр пайда кылуучу буулар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайра жаачу булуттай / , / Карарып өңү бүркөлүп, / Кабагы карыш чүмкөлүп, / Буту сынып жаны ачып, / Качырып кирди «Манастап», / Кара жанга күч келип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ар жактакы элдерден, / Сыйкырдуу дуба билгенден, / Булутту кармап асмандан, / Ат ордуна мингенден, / Ортонуна жыланды, / Камчы кылып илгенден, / Жетимиш киши жабырап, / Колу- бутун баатырдын, / Байлайбыз деп бастырбай, / Түркүн-түркүн дубасын, / Түрмөгү менен салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бир күндүк жолду үч күнү, / Бекер ачка бастым, деп, / Карайлап көзүм талды – деп, / Карыптык жанга батты” – деп, / Кайгы булут сүрдүгүп, / Хан досунан түңүлүп: / “Мында туруп нетейин, / Не мураска жетейин? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Андан бери карасам, / Чатырды көрдүм талаадан, / Кетейин деп жөнөсөм, / Туш-тушумдан ат койуп, / Адамдар чыкты аламан, / Сийдигим булут айланып, / Куурулуп калды заманам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кайгынын кара булуту, / Канаттуу тулпар миниптир, / Кара нээт Канчоро, / Канжарлап элди кириптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →