бултуңда
- Бултуң-бултуң этүү.
- Бултуктоо, каарданып, таарынган абалда болуу, тултуңдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбача турат кылтылдап, / Оң жагына булт берип, / Сол жагына кылт берип, / Аркасында жылт этип, / Алдын карап шырп этип, / Жолборсу минген Майтору, / Кош кулагын жапырып, / Аркасын карап кылчактап, / Сымаптай болуп кылтылдап, / Койондон бетер бултуңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сасык сууда сойлогон, / Балдар кармап ойногон, / Узундугу үч кулач, / Бултуңдаган суу жылан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →