бултуй

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Тултуюп шишигендей, көөп кеткендей же томпоюп чыгып тургандай абалда болуу.
  2. Дулдуюп сүйлөшпөгөн, таарынган абалда болуу Таарынган баладай бултуюп отурат (Касымбеков).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Букадай мойну бултуйуп, / Туурасы жоон култуйуп, / Эки беттин этине, / Он даңгыт ит тойгондой, / Тай торпоктой тултуйуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кабагы кашат жапыздай, / Эки көзү бултуйуп, / Жаңы чыккан тарбыздай, / Айдаары аттын жалындай, / Учкун учуп от чыгып, / Көзү кызыл жалындай, / Асылдын атын укканда, / Алдында атын камчылап, / Ачуусунан … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Букадай мойну букуйат, / Буурадай саны бултуйат, / Эки бети салаңдап, / Эки даңгыт тойгундай, / Дөмөр баштай тултуйат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ушуну алып эсине, / Калың камыш жерине, / Киши барбас бир жерге, / Аралап кирип Дабытай, / Буканы таштап бултуйтуп, / Туулгасын кийип мултуйтуп, / Тору атка така жаңылап, / Алдындагы тору атты, / Тери менен жабуулап, / Туулганын сыртынан, / Малакай кийип чөмөрүп, / Коргошун… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Аары чаккан көзүм бир заматта бултуюп шишип чыкты. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →