бултакта
- Бултак-бултак эткен абалда болуу, бултулдап чайпала кыймылдоо.
- өт. Тайсалдоо, амал таап башка жолго салып кетүүгө аракет кылуу, жазгырып кетүүгө аракеттенүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жоокалатпай чыныңды айт, / Боло турган сырыңды айт, / Бултактасаң кеп жасап, / Силерге даба табылбайт!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көрө салып кардыгач: / — Калдыктын алды аң экен, / Аң болбосо жар экен, / Түз кете албай бултактап, / Жол таба албай калды, — деп, / Мен тосойун алдын деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кандай келди бул жерге, / Кезигип калып Музбурчак, / Шыгай менен Текечи - / Үчөө катар турган чак, / Катардагы хандарды, / Каршы-терши сулатты, / Качырбастан бултактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жүз кубулуп кылчакташ, / Түлкү болуп бултакташ, / Ашырып сүйлөп эр макташ, / Чала күлүп ырсакташ, / Жалооруп жалган жыртакташ, / Ичинде бүгүп кир сакташ, / Оозу менен оң айтыш, / Билгизбей туруп сыр тартыш, / Арбын билет дөө уулу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Акун ханга жиберди, / Калдайган кара кат жазып, / Айагына мөөр басып: / “Айткан сөздөн танбаса, / Акун хан жооп берсин — деп, / Алдадым десе бултактап, / Атышар жерге келсин — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →