бултай

китептерде 20 жолу, 5 китепте
  1. Бултуюп ачык чыгып калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эр Турумбек көчүгү, / Ээрден ооп бултайып, / Үзөнгүдөн бут тайып, / Жыгылчудай кыйшайып, / Жер тайанбай оңолду, / Өтө сонун иш болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Дабытайдын найзасын, / Сайдырбай кагып жиберип, / Колундакы найзасын, / Оңдоп кармап имерип, / Кыйа тарта бергенде, / Кыйрына кирип келгенде, / Кый сүйбөөгө бир сайды, / Кызыталак Дабытай, / Ээрден көчүк бултайып, / Үзөңгүдөн бут тайды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ээрден көчүк бултайып, / Үзөнгүдөн бут тайып, / Телкызыл жалын кучактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сур качырдан чоң доңуз, / Томолоно жаздады, / Ээрден көчүк бултайып, / Үзөңгүдөн бут тайып, / Куйушкандын кошунан, / Араң кармап кыйшайып, / Ооп барып токтолду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…й агып шалпылдап, / Өлчүдөй көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Бир жакка мойну кыйшайып, / Аркасын карап кылчайып, / “Акыр-чикир келгин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →