булт
- Булак этип чыга калган кескин аракетти, ойт берген элести ж. б. билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Сынып кетти канчасы, / Асманда учат зырылдап, / Сынган найза барчасы, / Күүлөп алып бу Салбыр, / Сыныгы менен чапканы, / Топчу кулак кара кер, / Чыга берди булт этип, / Сокмоктуу сойул тийгенде, / Жер айрылып солк этти, / Асманга учуп топурак, / Жөө тумандай тоз кетип, / Алды бүркөк, көк ачык, / Булут каптап калгансып,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Камчылап атын чуратып, / Артынан чаңын чубалтып, / Найзасын күүлөп бакырып, / Үчөө келет бакырып, / Бир тарапка Кененим, / Чыга берди булт койуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ошондо Сыргак баатырың, / Ак жолборстой кылт этип, / Алдында минген Телкызыл, / Койондон бетер булт этип, / Төгүлгөн жерге сымаптай, / Көрүнүп көзгө жыл этип, / Тор көтөргөн жүз балбан, / Бирине-бирин жеткирбей, / Чай кайнамда бүт алган, / Элүү торчо калганда…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кээ бир кезде айактай, / Кээ бир чакта табактай, / Уйуган кандар булт этип, / Жерге түшөт жалпайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тартынбаган кара көк, / Айласы элден ашкан көп, / Чокмору келип тиерде, / Тизе жерге кирерде, / Кара кашка мингени, / Койондон бетер булт берип, / Ордун сала бергени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →