булкулда

китептерде 14 жолу, 7 китепте
  1. Булкунган катуу кыймылда болуу.
  2. Ачуулануу, тултуңдап, буркан-шаркан түшүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошондо ыйлап Ламасы, / Мурутун булкуп ыргытып, / Сакалын жулкуп ыргытып, / Мурдунан суусу булактай, / Жамгырдай жашы төгүлүп, / Алдындагы Бекбача, / Ал Ламанын көзүнө, / Азирейил көрүнүп, / Акырет алып кетчүдөй, / Булкулдатып жөнөдү, / Чылбырдан алып сүйрөтүп, / Жулкулдатып жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Балтырым тартып балактап, / Булчуңун тартат булкулдап, / Болуп калган окшонот, / Уруш кылар бир убак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Арамзада Суумерген, / Боронбайга жолугуп, / Булкулдап ыйлап соолугуп, / Болгон кепти бүт айтып, / Апыртма кошуп күч айтып, / Жалган жерин чын кылып, / Кичинесин чоң кылып, / Боронбай болгон кепти угуп, / Бу дагы жүрдү оолугуп, / Кырк миң колун жардатып, / Топуракты чаңдатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Мурутуңдун агыбы, / Муруттун агы болбосо, / Абаң Кошой карынын, / Булкулдай турган чагы бул. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Буурул ат минип булкулдап, / Сырнайза колдо жаркылдап, / Манастын уулу Семетей, / Барар күнү бар бекен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →