булдурсун
- Калың кайыштан өрүлүп, учуна коло уютулган, салмактуу, баатырлардын чоң камчысы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Туурасынан келгенин, / Чарпып тартты Майтору, / Алтымышча көп дөбөт, / Көмөлөнүп торойду, / Кара жаак булдурсун, / Кармай алды Бекбача, / Камчыны булгап ийгенде, / Канча итке тийгенде, / Оро-пара көп дөбөт, / Айрыкчасы көк дөбөт, / Тиши чыгып ырсайып, / Тумшугу менен жер…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күпсөргө салып дары алып, / Окшуурга салып ок алып, / Он эки кырдуу милте алып, / Уу жалаткан найза алып, / Каражаак балта алып, / Албарс кылыч курч алып, / Булдурсун камчы кошо алып, / Асабаны колго алып, / Боз кисе жанга байланып, / Жүрүп кетти көк жалдар, / Каркыра карай шайланып, / Аңкарыбай калыптыр, / Жаш Айдар жолго с…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колундагы булдурсун, / Толгой кармап имерип, / Алдындагы Телкүрөң, / Ооздук тиштеп нидерип, / Сейитим кирип келгенде, / Тапан хан калды ийменип, / Сынап калды Тапан хан, / Сырттанга көзүн жиберип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ — Атамдан калган булдурсун, / Жапса кулак тундурсун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Сомбилек чапкан булдурсун, / Иттерди кайдан оңдурсун, / Экөө жерге бүктөлүп, / Экөө качып жөнөдү, / Кара жанга күч келип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →