булга2

китептерде 171 жолу, 10 китепте булга 1 →
  1. Кир кылуу, кирдетүү, кир жугузуу, булганч абалга келтирүү.
  2. өт. Жаманатты кылуу, жаман атка кондуруу, бузуп-жарган сөз сүйлөө, бузукулук иш кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Йобалыны хан Калдык: / — Барбай койсоң коркту дейт, / Жекеге чыксаң азыр бол, / Жалгызектин Бактыбай, / Жандан тойгон эсир кул, / Алың келбей баратсаң, / Камчы булгап белги бер, / Беттеше барып баарыбыз, / Түгөтө кырып кетели, / Кыргыз деген журутту, / Түбү душман бурутту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Баатырдын уулу эр неме, / Баш булгап жоодон качпаган, / Бала жолборс шер неме, / Сүйлөсө тили так эле, / Сөз билги жайы бар эле: / — Капаланып кайгырып, / Катын-балаң, казактан, / Кайда бардың айрылып? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Көптү көрүп, көп билген, / Жүйрүндүн тилин сууруп жеп, / Бар өнөрүн жат билген, / Колундакы найзасын, / Булгап- булгап имерди, / Шамалды айдап жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кекенип кетсе күркүрөп, / Булгап найза колго алып, / Катуу тийди бадырек; / Карап Көкүл турбады, / Тоодой болгон Кесенин, / Кагып ийип найзасын, / Кый сүбөөгө муштады, / Колу күчтүү артык эр, / Жыйырма беште кеменгер, / Томоро сайып таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күрзүсүн булгап кезгерди, / Жалгызекке ушунда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →