булгала
- Ары-бери булгап шилтөө, бир нече ирет булгай шилтеп желбиретүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күүлөп-күүлөп булгалап, / Буркун, буркун, буркун, деп, / Атын айтпай Ламалап, / Бекбачаны көмө чаап,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күркүрөтүп булгалап, / Күүлүү найза урушту, / Адис болгон берендер, / Бендеден белдүү эрендер, / Эбегейсиз урушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара ат, / Айабай камчы бир салат, / Бөрү тилдүү өткүр курч, / Найзасын күүлөп булгалап, / Казыдай мойну узарып,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ети жаштан Сейитке / Жетимиш эки өнөрдү, / Калтырбастан үйрөткөн, / Арка-аркадан тарткан жаа, / Бири да тийбей калганга, / Тете жаман арданды, / Салмоорун алып булгалап, / Кой башындай таш салды, / Тегереткен салмоордон, / Күркүрөгөн үн чыгат, / Чагылган чыгып жаткандай, / Жаалысы катуу сүр чыгат, / Салмоордун угуп үнүнөн, / Ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Көптөн бери көрбөгөнгө сагынып калгандай мага куйругун булгалап, көзүн жалдыратып, эркелеп коёт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →