булбул
- Үнүн кубултуп, таңшып сайроочу боз түстөгү кичинекей канаттуу.
- өт. Обону өтө жагымдуу ырчы, төкмө акын.
- Бугунун мүйүзүнөн алынуучу суюктуктан жасалган дарынын аталышы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Нурпануну периден, / Бекбачанын алганы, / Пендеден алдым үч катын, / Биринен бала калбады, / Колумда бар Айбала, / Адамдан артык Акмаңдай, / Булбул тилдүү жез таңдай, / Алты жыл ноокас болупмун, / Текес, Күнөс, Жылдызда, / Кырылып кыргыз болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сайрабай булбул тил катып, / Молдо торгой, сандыгач, / Сүйлөй албай буулукту, / Мурун кудай такшанып, / Күкүктүн баары күдүңдөп, / Көк асман бети бүрүлдөп, / Көрүнбөй көзгө күүгүмдөп, / Кээде олтуруп, кээде кооп, / Тели болгон жылкыдай, / Чакчелекей жүгүрөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…генсип, / Шамал чыгып куулдап, / Жыгачтын баары шуулдап, / Кут болсун тойуң, дегенсип, / Түнөөдөгү канаттуу, / Үн салышып чуулдап, / Корооздун баары чакырып, / Булбулдар сайрап такшынып, / Көлдөгү суулар чайпалып, / Шамдай күйүп жылдыздар, / Жердин бети жапжарык, / Эчтеме менен кээри жок, / Тим жүргөндөр ар кайда, / Айланып баш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Көпөлөк учуп, гүл жайнап, / Булбул сайрап, тил безеп, / Жан-жаныбар кыбырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Балдарым, мен бир түш көрдүм, түшүмдө бир булбул үнүн мукам-мукам чыгарып укмуш сайрады, мен ошол булбулга ашык болуп, ашыктыктанн ооруп, минтип төшөктө жатамын, булбулду мага кимиң алып келип бересиңер?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →