булаңда
- Булактоо, булт коюу, булаң этүү.
- өт. Амалкөйлүк кылуу, митаамдык кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ачкандан башка амал жок, / Көкчөкөз качты калдаңдап, / Кара бойу далбаңдап, / Эки буту салбаңдап, / Алагар көзү алаңдап, / Жан аргасы канетсин, / Кубатын жыйып булаңдап, / Алдындагы мингенин, / Оңдоп-солдоп камчылап, / Айабай качып Көкчөкөз, / Кайран Сыргак жетерде, / Калага кирди алаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…леп аны кел, дешип, / Тумшугунун учунда, / Коргошун, коло аралаш, / Орнотуп койгон чойун баш, / Томураңдап пил келет, / Дүк-дүк желип далбаңдап, / Тумшугу анын булаңдап, / Пилди көрүп эр Сыргак: / “Адам эмес айбандан, / Качып берсем уйат” — деп, / Эшик эндүү ай балта, / Кыйамына келтирип, / Чабайын, деп, чокуга, / Телкызыл ылд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эрен Манас баатырдын, / Энөөлүгү кармады, / Элейип тура калганы, / Нак куу түлкү булаңдап, / Сойодой куйрук чубаңдап, / Качып жолго салганы, / Алпка тийчү немедей, / Манастап өзүн чакырды, / Баатырдын үнүн укканда, / Мана түлкү шашылды, / Кармалуу колдо сырнайза, / Эки ирет жаздырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Түлкү куйругун буландатып, тумшугун жогору көтөрүп:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →