буласта
- Чач, жал, куйруктун келишимдүү, көрктүү көрүнүшү, көйкөлүп туруу, жалтылдап булактоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…чөгөрүп, / Семизинен баса албай, / Кишинин баары көгөрүп, / Боз улан кемер курчанып, / Кыздары үкү сайынып, / Тогуз-ондо кыз балдар, / Кыркалап шуру тагынып, / Буластай басып келиндер, / Чач теңге, чачпак салынып, / Жең кабы менен өңүрүн, / Саймалашып тагынып, / Эки эли кундуз жээктеп, / Белдемчисин кагышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Гүлүстүн толуп көңүлү, / Болгону болор эми, деп, / Буудан күлүк сур атчан, / Буластаган Гүлүстөн, / Бура тартып бараткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…нга, / Какчаңдаган кара сур, / Ара күрмөй качырга- / Шылдың кылып абыдан, / Күлө сүйлөп шылкылдап, / Эликтеп бетин чымчылап, / Чыгып кетти эшикке, / Белдемчиси буластап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ашкере айткын элиңе, / Кеп билүүчү бегиңе, / Бар кебиңди каркылдап, / Мен жаныңда буластап, / Басып турсам жаркылдап, / Ойноп турса чунагың, / Үн чыгарып баркылдап, / Эрибейби жедигер, / Коргошундай балкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ “Ушундай оор күндөрдө, / Буурул ат менен буластап, / Чыгар күнү болсочу!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →