булай

китептерде 16 жолу, 7 китепте
  1. Буладай чыгып туруу, бултайып чыгып туруу, чети көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чай чыны кармап булайып, / Кыйгачтап суна бурулуп, / Агарып чети кылайып, / Абай кылып байкаса, / Токтобойт көзгө таанылып, / Буулу жаандай мунарык, / Кызмат кылыш андайда, / Кыз балдарга ылайык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кененимдин кеби эми: / — Хан башыңда, Ачакан, / Жалган айтсаң, чын айтсаң, / Бүгүн койо беремин, / Эртең өзүм билемин, / Саламатты кара деп, / Булайтканың кандай кеп, / Аталары өлгөнүн, / Билбептирби эмгиче? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кылымды бузар балбаны, / Кырааның Чубак барганы, / Сол карынын булчуңга, / Болжоп найза муштады, / Сокудай этин булайтып, / Бөлө сайып таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тилин сунду булайтып, / Жети сапар Гүлчоро, / Семетейдин сыдырды, / Кызыл тилин чубалтып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Аркар чачын булайтып, / Ак тамагын кылайтып, / Ачуусу келип ачылып, / Айтканына ачынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →