букулда
- Бук-бук этип, анча катуу эмес үн чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…н да болсоң жаныбар, / Кирдиң эле кебиме, / Байагы айткан кеп менен, / Келдим мында мен эми, / Кел тайлагым, кел, деди, / Сыргактын үнүн укканда, / Боздоп ийин букулдап, / Эки өркөчүн койкойтуп, / Желип келди чукулдап, / Атам Жакып эни, деп, / Кулагына эн салды, / Түшө калып эр Сыргак, / Жанында бар Сыргактын, / Кенептен нокто…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Конушбай менен Тазкара, / Аа кошулуп Чойтолоң, / Сейитим кандай болот, деп, / Ыйлап турат букулдап, / Баатырдын уулу Кара көк, / Кайраты жаштан бир бөлөк, / Кирпик ирмеп көз жумбай, / Күүлүү келген найзаны, / Учунан улай кармады, / О дүйнө кеткен айкөлдүн, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Куу инген кетсе букулдап, / Көлдөкү куулар кукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Букулдатып буурчунун, / Боздотуп муңдуу тайлагын, / Азынатып айгырын, / Чыркыратып кулунун, / Озондотуп уйларын, / Топоңдотуп торпогун, / Чуркуратып койлорун, / Карартып таштап короосун, / Куржунга салып пулдарын, / Комо менен нарларын, / Артылды колум айга, деп, / Асылдан жыйнап алганын, / Алдырып ийсе нетмекчи.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →