букуй

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Кабагын салып, букжуюп отуруу, сурдануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айдар кара чачы бар, / Өңөргөн койдой кашы бар, / Жылкычынын отоосу, / Жолум үйдөй башы бар, / Эки бети болтогой, / Эки даңгыт тойгондай, / Мойну жоон букуйуп, / Далысы дүмдүк дукуйуп, / Төө кенедей кулагы, / Белгиси турат мулуйуп, / Шишик баскан немедей, / Булчуңдары дулуйуп, / Бели кыска тууралжын, / Уйуткандай тул… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Букадай мойну букуйат, / Буурадай саны бултуйат, / Эки бети салаңдап, / Эки даңгыт тойгундай, / Дөмөр баштай тултуйат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Чукул кирип келгенде, / Кең көкүрөк, кууш айак, / Жалайак ооз кир кабак, / Чолок ээк, дөң маңдай, / Каржиликтен булчуңу, / Жүгүрүп жүргөн баладай, / Мойну жоон букуйуп, / Кысыр эмди танадай, / Жамынган темир тону жок, / Жалтанып калаар пейли жок, / Аккаңгы ээр алтын каш, / Мингени тоодой чоң сур ат, / Ошончо элден бөлүнүп, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Береги күрөндүдө кечтен бери таарынган эмедей букуюп, ала мойнок ит жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
«Мен да башка бирөөбү деп чочуп кеткеним» дегендей букуюп, башын жерге коюп кайра жата берди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →