буктурма
- Жашынып туруп душманга сокку берүүчү жай.
- өт. Тымызын, билинбей жаткан амал.
- Алгыр куш, бүркүттү таптаганда бир нерсе алуу үчүн үйрөтүлгөн амал, айла, ык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эки жигит жүгүрүп, / Табылды бизге кызмат, деп, / Жаны калбай сүйүнүп, / Учурап калды талаада, / Келе жаткан кеңгиреп, / Талаада эки калмакка, / Калмактарды кармады, / Кармап байлап салганы, / Буктурма деген колотко, / Буларды алып барганы, / Арактан берип табынча, / Алардын дайнын сурады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Буктурма койгон кишиси, / Дабытайдын ар жерге, / Баатырды көрүп таң калып, / Бетине чыдап баралбай, / Кабар айта салышты, / Дабытайга түз барып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бириндетип сайбасак, / Бирден-бирден барбасак, / Буктурма койуп элөөсүз, / Бууданды сайат бул акмак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Шай келе албай баратса, / Буктурма койуп ар жерге, / Капысынан качырып, / Канкорду байлап алалы” / Дешип алар кеп салып, / Кеңеш бүтүп эл жанып, / Сүрүп чыкты таң атып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Түндөсү өтөр жолума, / Булуттун үстү бетине, / Жылдыздын асты ойуна, / Буктурма койуп салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →