бука2
- аңч. Мылтыктын пистонго тийип, от алдыручу шибеге сыяктуу тетиги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Букадай мойну букуйат, / Буурадай саны бултуйат, / Эки бети салаңдап, / Эки даңгыт тойгундай, / Дөмөр баштай тултуйат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ондон, / Койгулашып киришти, / Кан аралаш сары суу, / Агып жатат денеден, / Колдоруна түкүрүп, / Күн күркүрөп жаткандай, / Талаанын бети өкүрүк, / Жер чапчыган букадай, / Күчөнүшүп өкүрүп, / Тополор уйуп тоз түшүп, / Топурак учуп боз түшүп, / Топого булар көмүлүп, / Асман ачык жер бүркөк, / Жел чыкканда зыркырап, / Асман көпк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сакалы жок молтойгон, / Сүзөгөн кара букадай, / Оройу суук киши экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үстүнө сары жамынып, / Колуна кызыл байлатып, / Белине кара курчанып, / Ээленип турат сур чалыш, / Камчы менен Суратты, / Карчыттан нары бир салып, / Көк букадай өкүрүп, / Жалаңгычтай көрүнүп, / Карыга чейин билегиң, / Май алчудай түрүнүп, / Алдында минген тосур ат, / Албан түрдү жүгүрүп, / Аркасынан чыккан чаң, / Аткан…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— / Деп, Керимбай айтканда, / Көк букачан жалгыз көз, / Отурайып көп тиктеп: / “Мен Мадыкан боломун, / Сөзүңдү айткын — деп тиктеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →