бука1

китептерде 145 жолу, 9 китепте бука 2 →
  1. Уйдун тукумдатуучу эркеги.
  2. Куржундун ж.б. оозун чечүүдө керектелүүчү жыгачтан же мүйүздөн учталып жасалган шиш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Букадай мойну букуйат, / Буурадай саны бултуйат, / Эки бети салаңдап, / Эки даңгыт тойгундай, / Дөмөр баштай тултуйат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ондон, / Койгулашып киришти, / Кан аралаш сары суу, / Агып жатат денеден, / Колдоруна түкүрүп, / Күн күркүрөп жаткандай, / Талаанын бети өкүрүк, / Жер чапчыган букадай, / Күчөнүшүп өкүрүп, / Тополор уйуп тоз түшүп, / Топурак учуп боз түшүп, / Топого булар көмүлүп, / Асман ачык жер бүркөк, / Жел чыкканда зыркырап, / Асман көпк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сакалы жок молтойгон, / Сүзөгөн кара букадай, / Оройу суук киши экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үстүнө сары жамынып, / Колуна кызыл байлатып, / Белине кара курчанып, / Ээленип турат сур чалыш, / Камчы менен Суратты, / Карчыттан нары бир салып, / Көк букадай өкүрүп, / Жалаңгычтай көрүнүп, / Карыга чейин билегиң, / Май алчудай түрүнүп, / Алдында минген тосур ат, / Албан түрдү жүгүрүп, / Аркасынан чыккан чаң, / Аткан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— / Деп, Керимбай айтканда, / Көк букачан жалгыз көз, / Отурайып көп тиктеп: / “Мен Мадыкан боломун, / Сөзүңдү айткын — деп тиктеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →