буйрук

китептерде 192 жолу, 10 китепте
  1. Бирөө тарабынан кандайдыр бир ишти аткаруу, орундатуу үчүн берилүүчү тапшырма, приказ.
  2. Тагдыр, жазмыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Качыралы баштан деп, / Чигитейдин сыймыгы, / Буйрук берди калкына: / — Калбай, калмак чубургун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бири мыкты жан экен, / Кеп айтканы шар экен, / Айткан кеби ал экен: / — Буйрук алып, кат алып, / Буудандан тандап ат алып, / Аттанып чыктык талаага, / Учурап калдык баратып, / Кененим аттуу балаага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…р: / — Алмамбетке барып кел, / Айтып кебиң салып кел, / Жазган катын караткын, / Жаңылыш болуп калбасын, / Аныгы менен өлсө да, / Арманы калбас Байматтын, / Ал буйрукту алганда, / Шылуун Серек мындайга, / Сайасы салкын тереги, / Ар качандан бир качан, / Кысылса тийет кереги. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Буйрукту сенден алгамын, / Токтобой жетип баргамын / Желбегей желек жамынып, / Турган экен Чачыкей, / Учурап ага калгамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Чалды дарга тарткыла, – деп желдеттерине буйрук берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →