буйла

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Мурундун эки таноосунун ортосундагы чемирчек калканч.
  2. Төөнүн мурдун тешип өткөзүлгөн шиш же байланган жип.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…келтирип, / Алып келген малдарды, / Мурунку кеткен малынын, / Азы-көбүн эске алып, / Таратып элге бердирип, / Аш-тамагын жегени, / Бүлдүргөчө бир нерсе, / Олжо буйла дебеди, / Жүрүп кетти Бекбача, / Эл аралап желдирип, / Котен жеркен-буларды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…лын, / Байкап эми карагын: / — Ырчы уул, Бозуул баатырлар, / Аттанып жолго салыңар, / Төө башына төрт аркан, / Казыналык нарлардан, / Үстүндө кому барлардан, / Буйласы жез танаптан, / Алтымыш нарды белендеп, / Күн чыгар маал келгин, — деп, / Андан башка баатырлар, / Бир үйгө баткың баарыңар, / Жалгыз жанды кыйнабай, / Өзүңөр … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мурунтугу алтындан, / Буйласы жибек чалынган, / Ар бир нарга аземдеп, / Түрдүү килем жабылган, / Коңгуроолуу нар келди, / Колбуган куржун зар келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
– деди, / Арстанынан айрылып, / Армандуу болгон кайгырып, / Айалдын узу Айчүрөк, / Куу ингендин жез буйла, / Тартып алып мурдунан, / Тагып койгон тумарын, / Жулуп алып мурдунан: / — Сага келбейт жакшылык, / Канчоро кулдун колунан, / Жаныңды сакта жаныбар, / Жоор кетпейт жонуңан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жайдак болбой бардык нар, / Төө жабуу салып комдонсун, / Самсаалатып чачысын, / Четине жибек тор болсун, / Буйласы калай, жез чынжыр, / Кем-керчиси болбосун, / Үчтөн төөгө бирден тың, / Жүк артарга уул болсун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →